Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 480 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Баткен облусундагы маселелерге арналган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ага Президенттик Аппараттын, Коопсуздук Кеңешинин, күч органдарынын, Баткен облусунун жетекчилиги катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын бекемдиги, аймактык бүтүндүгү улуттук кызыкчылыктардын негизи, ал эми бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу багыт — чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун, ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу экенин баса белгиледи.

«Чек арага жакын жайгашкан аймактардагы элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жашоо-шарттарынын деңгээлин жогорулатуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, инфратүзүмдүк объектилерди куруу да абдан маанилүү», — деди мамлекет башчы.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрүн чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM