Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Асыл тукум уйлар көбөйөт

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 731 | 0

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков менен Ысык-Көл облусундагы «Рейна-Кенч» эко-фермасынын башчысы Аскарбек Жаныбеков тендердик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тендер Дүйнөлүк банктын «Сүт өндүрүмүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусундагы фермерлердин уйларын жасалма уруктандыруу үчүн кеңеш берүүчү эмес кызмат көрсөтүү максатында өткөрүлгөн.

Түзүлгөн келишим облустагы фермерлердин уйларынын тукумун жакшыртууну жана мунун аркасы менен сүт өндүрүмүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт. Анүчүн атайын швед күрөң букасынын тастыкталган уругу алынып келинген. 

Келишим 2019-2020-жылдар аралыгында аткарылууга тийиш. 

Copyright © 2017 Maral FM