Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз ташып келүүлөр аныкталды

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 379 | 0

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук көзөмөл пунктунан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар ташып келүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Алсак, «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 35 куб метр жыгач материалын ташып келе жаткан автоунаа кармалган. Айдоочуда коштоочу документтер жана товарларды алып келүү үчүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

«Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 53 куту «Herbalife» продукциясын ташып келүү фактысын аныкташкан. Бул товардын да коштоочу кагазы жок болгон.

Мындан тышкары, «Ак Жол-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен товарга тийиштүү коштоочу документтери жок 500 даана аялдардын жемперин ташып келген автоунаа кармалды.

Ар бир бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM