Биз менен байланышыңыз

Түркияда кыргыз жигитти атып өлтүрдү

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 576 | 0

Түркиянын Аланья курорт-шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Муктарбек Иманалиев белгисиз жарандын аткан огунан каза болду. Бул тууралуу Haberler.com маалымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык кыргыз жигит жергиликтүү бир адам менен чырдаша кеткен. Жергиликтүү жаран кыргызстандыкты атып салып, качып кеткен.

«Окуянын күбөлөрү Тез жардам борборуна кабарлашкан. Аланьянын Башкы прокуратурасы иликтөө иштерин баштап, окуя тартылып калган видеотасманы карап чыккан.

Полиция кылмышка шектүүнү колго түшүрдү. Мындан сырткары, Муктарбек Иманалиевди аткан тапанча күч органдары тарабынан табылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда каза тапкан жигиттин сөөгү Анталиянын Соттук-медициналык институтунун моргунда экенин айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM