Биз менен байланышыңыз

Президент алдыңкы бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды [фото]

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 559 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырды.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат бүгүн Бишкекте өттү. Иш-чарага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, 10 миң сом акчалай сыйлыгы бар «Алтын сертификат» тапшырды.

Мындай сертификатка быйыл 52 улан-кыз татыктуу болду. Алардын 19у Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келгендер.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан.

Өз сөзүндө өлкө башчысы элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөнүн бардык тармагын өркүндөтүүгө болорун белгилеп, жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарт түзүү приоритеттүү багыт экенин айтты. Ошондой эле, ийкемдүү, ачык, үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү — мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM