Биз менен байланышыңыз

Орусия Грузия менен болгон аба каттамын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 547 | 0

Орусия-Грузия аба каттамына тыюу салынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Бүгүн, 8-июлда «Аэрофлот» компаниясынын учагы Тбилиси – Москва каттамы аркылуу «Шереметьево» аэропортуна келип конду. Бул — Грузиядан Орусияга түз учкан акыркы учак. 8-июлдан тарта эки мамлекет түз аба каттамына тыюу салды, авиакомпаниялар кызматташууну токтотушту.

Кошумчалай кетсек, 20-июнда Тбилисиде Орусиянын Православ парламенттик ассамблеясынын депутаттарынын Грузияга болгон сапарынан кийин нааразылык акциялары башталган. Демонстранттардын көтөрүлүшү бир топ күнгө уланган. Анын негизинде, Орусиянын президенти Владимир Путин орус авиакомпанияларына 8-июлдан баштап Грузияга учууга убактылуу тыюу салган жарлык кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM