Биз менен байланышыңыз

Ош: Сууга кулаган унаанын айдоочусу куткарылды

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 402 | 0

Кечээ, 6-июлда Ош шаарынын Мушкетов көчөсүндө «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучулар унаанын ичинен 1972-жылы туулган жаранды алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсыкка кабылган жарандын абалы туруктуу.

Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM