Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Европа биримдигинин жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 451 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда, Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары, Европа Комиссиясынын вице-төрайымы  Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, Биримдик менен макулдашуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу алакалардын жаңы барагын ачып, кошумча импульс берерине ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Евробиримдиктин Кыргызстанга берген социалдык-экономикалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, анын колдоосу менен туруктуу өнүгүү боюнча чечкиндүү кадамдар ишке ашырылып жатканын айтты.

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, анын сапары жана Кыргызстандын жетекчилиги менен тез-тезден болуп турган жолугушуулар мындан да жемиштүү кызматташууну курууга жакшы мүмкүнчүлүк бергенине көңүл бурду.

Федерика Могерини билдиргендей, Евробиримдиктин Кыргызстанда 2020-2022-жылдарга карата суу ресурстарын интеграцияланган башкарууга багытталган программасы ишке ашырылат.  Ошондой эле, каржылоо өлкөнүн бюджеттик колдоосуна жана элет жерине жардам берүү, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталаарын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков жана Федерика Могерини Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан сот-укук реформасы, Еврбиримдиктин Борбордук Азия тууралуу жаңы стратегиясы, Кыргызстанда мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары, таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор, билим берүү, экономика жана соода тармактарындагы кызматташуу жөнүндө пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM