Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев чиновникти интернеттеги сөздөрү үчүн сынга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 459 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-июлда өткөн видеоселектордук жыйындын соңунда Анжиян облусунун адмнистрация башчысы Шухратбек Абдурахмоновду катуу сынга алды.

Kun.uz маалымадагандай, Мирзиёев интернет айдыңында болуп жаткандардан кабардар экенин айтып, Абдурахмоновдун социалдык чөйрөдөгү аракеттерине нааразы экенин  билдирген.

«Мен сени сыйлайм, бирон интернеттеги сөздөрүң капалантты. Тынчтанып, олуттуу бол. Берилгендик башка, ал эми кызмат жана жумуш — башка нерсе», — деди Мирзиёев.

Абдурахмонов президентти кечирим сурап, кайра кайталанбай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM