Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков казак Элбашы Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 396 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Казакстандын туңгуч президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүдө Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, Нурсултан Назарбаевдин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ынак коңшулуктун духунда өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM