Биз менен байланышыңыз

«Жерүй» кени декабрь айында алгачкы өндүрүмүн чыгарат [видео]

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 663 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусунда болгон иш сапарынын алкагында «Жерүй» алтын кенине барды.

Ал кенден чыккан калдыктарды сактоочу жайдын (хвостохранилища) курулушу, алтын бөлүүчү фабриканын башкы корпусу жана курулуп жаткан объектилер менен таанышып чыкты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Өкмөт башчысы экологиялык маселеге өзгөчө көңүл бурулганын, ошондуктан, Финляндия, Автрия, Германия сыяктуу өнүккөн мамлекеттерден чыккан жабдуулар алынып келингенин айтты.

«Комбинат ишке кирсе, жалпысынан алганда 1500дөн ашык адам эмгектенет. Алардын 90 пайызы кыргызстандыктар болот. Буга чейин 165 млн доллар сарпталган. Жалпы 270 млн доллар жумшалып, иш башталат. Алгачкы өндүрүм декабрь айында чыгат. Ишкана Өкмөт койгон бардык талаптарга жооп берип жатат. Мамлекет өзүнө тагылган милдеттерди толук аткарган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев..

«Алянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин алтын бөлүүчү фабриканы ишке киргизүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

«Алянс Алтын» компаниясы алтын бөлүүчү фабриканын башкы корпусу өз убагында ишке кирүүсү үчүн бардык аракетин жумшоодо. Бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштеринин 50 пайызы аткарылып бүттү», — деди Шубин.

Кен калдыктарын сактоочу жай башка жайлардан айырмаланып, зыяндуулугу аз болот. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, бул жайга дарак өстүрүүгө да боло турганы айтылды.

Иш сапардын алкагында Абылгазиев жумушчулар менен да жолугуп, алардын иштөө шарттарына кызыкты. Ошондой эле, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кененирээк төмөнкү видеодон маалымат алыңыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM