Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Кыргызстандын премьер-лигасында «Суперклассико» өтөт

Кыска кабар , Спорт | 6 Июл 2019 | 481 | 0

Чемпионаттын 13-турунун борбордук матчы өлкөдө «Супер-классико» атыккан «Дордой» – «Абдыш Ата» беттеши орун алат. Ал эми түштүк дербиде «Алай» – «Нефтичи» таймашат. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-лигасынын (КПЛ) сайты кабарлады.

6-7-июлда Кыргызстандын премьер-лигасынын 13-турунун оюндары өтөт. Бүгүн 6-июлда Бишкектин «Дордой» клубу өз үйүндө Кант шаарынын «Абдыш Ата» клубун кабыл алат. Беттешти Урмат Баялиев башыда турган калыстар тобу тейлейт.

Ошто Ахматбек Сүйүнбаев стадионунда жергиликтүү «Алай» Кочкор-Ата шаарчасынын «Нефтичи» клубун кабыл алат. Беттешке Нурзат Аскат уулу баштаган топ калыстык кылат.

Эртең «Алга» — «Кара-Балта» жана «Илбирс» — «Академия-Лидер» командаларынын беттештери каралган.

Чемпионаттын 12-турунан кийин 31 упай менен «Алай» көч баштап келатат. 23 упай алган «Дордой» экинчиде. «Илбирс» 19 упай топтоп үчүнчүгө чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM