Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарында 18 ишкана курулат

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 550 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Баткен облусуна болгон иш сапарында Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай зонасын куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы 176,5 га жер аянтын «Айыл чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформациялоо күтүлүүдө.

Трансформациялоо бүткөн соң аталган жер тилкесинде индустриялык соода-логистикалык борбору, дене тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси, ун комбинаты, курулуш материалдар заводу, бут кийим фабрикасы, жүн жана тери иштетүүчү завод, таштандыларды кайра иштетүүчү завод, нефтебаза, машина куроочу цех, тоо-кендерин иштетүүчү комбинат, жылуулук электр станциясы жана башка 18 ишкана куруу мерчемделүүдө. Натыйжада 1200 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Шаар мэринин айтымында, өткөн жылы шаарга 86 млн сомдук инвестиция келген, ал эми ушул жылдын 6 айында 20 млн сомдук инвестиция тартылды. Бул каражатка 2020-жылга чейин өнөр жай зонасында бир нече ири ишканаларды ишке киргизүү болжолдонууда.

Ошондой эле, ал коомдук уюмдардын көмөгү менен шаардагы жакыр үй-бүлөлөр үчүн наркы 100 млн сомдук көп батирлүү үй курулуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда экспортко багытталган ишканаларды курууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM