Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2023-жылы алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 449 | 0

«Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын позицияларын жакшыртуу максатында 2019-2020-жылдарга карата Өкмөттүн иш-чаралар планы бекитилди. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат  кызматы билдирди.

План президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 жарлыгына ылайык, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 6.1-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Мунун негизинде Кыргызстан 2023-жылы «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш.

Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы  Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү 190 өлкөнүн ичинен 70-орунда, тагыраагы, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 7 позицияга жакшырган.

Кыргызстан «Электр тармактарына кошуу», «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» жана «Салык» сыяктуу көрсөткүчтөрүн жакшыртууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM