Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 777 | 0

Кыргызстан уникалдуу органикалык азык-түлүк, мөмө-жемиши менен гана аймактык атаандаштыкка туруштук бере алат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын эли менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы химикаты жок, экологиялык таза өндүрүм менен дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берерин маалымдап, фермерлерге химикаттарды колдонбоо керектигин эскертти. Айыл чарба өндүрүмүнүн баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экендигин айтып, бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган экоөндүрүмдүн брендин күчөтө тургандыгын баса белгиледи.

«Биз ушул дүйнөлүк рынокто бааланган экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал экологиялык жактан таза органикалык өндүрүмдү ЕАЭБден сырткары Кытайга экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилип, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Өкмөттүн программасынын негизинде кайра иштетилген мөмө-жемишти Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү мөмө-жемиштин өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралгандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM