Биз менен байланышыңыз

5-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 510 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында кыска мөөнөтүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 13….18… күндүз: 29… 34 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 11….16….күндүз: 28…..33°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 14…19….күндүз: 30……35°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 9…..14….күндүз: 22……27°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 6….11…..күндүз: 22….27°C;

5-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 16….18°C.

Copyright © 2017 Maral FM