Биз менен байланышыңыз

Милициянын көчмө кабылдамасы эл менен иштөөнү жакшыртат

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 686 | 0

Бүгүн Бишкекте «Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо боюнча чакан коомдук кеңештерди түзүү» аталышында конференция өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында сөз сүйлөгөн Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев коомдук тартипти жөнгө салууда Милициянын көчмө кабылдамасынын иши оң натыйжа берерин айтты.

«Милициянын көчмө жыйыны өзүнө адистештирилген автобусту камтыйт. Ага атайын даярдыктагы милициядан тартып, аймактык, балдар менен иш алып барган милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр кирет. Байланыш каражаттары менен камсыздалган. Андан сырткары, Милициянын көчмө кабылдамасынын ишин колдоо үчүн жер-жерлерде КААБдын өкүлдөрү курамына кирген чакан коомдук кеңештер түзүлгөн», — деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары милициянын көчмө кабылдамасынын ишине жигердүү көңүл буруп баштаганын кошумчалады.

Жыйында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс милициянын көчмө кабылдамасы катары колдонуу үчүн 6 кичи автобус тапшырды.

Пьер фон Аркс милиция эл менен эриш-аркак иштегенде гана зор натыйжага жетерин белгиледи.

«Бул «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун негизги максаттарынын бири. Милициянын көчмө кабылдамасын ишке киргизүүдө бул максатка жетүүнүн ыкмасы болуп саналат. Көчмө кабылдама коомчулук үчүн милицияны жеткиликтүү кылат», — деди ЕККУ өкүлү Пьер фон Аркс.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн өкүлдөрү, республика боюнча чакан коомдук кеңештердин өкүлдөрү катышышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM