Биз менен байланышыңыз

Президент Баткен районунун жашоочулары менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 711 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков облуска жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, стратегиялык инфратүзүмдүк обьектилерди куруу, ипотекалык насыялоо, энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлор, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системалуу күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолду, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыты тууралуу маалымат берди.

Ал ошондой эле, өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык обьектилерди куруу ж.б маселелерге токтолду.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Copyright © 2017 Maral FM