Биз менен байланышыңыз

Баткен чек ара: Ворух-Исфара жолу ачылды. Бирок абал кооптуу [фото]

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 628 | 0

Ак-Сайда Ворух-Исфара жолу ачылды. Бирок абал кооптуу. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев «Маралга» билдирди.

«Азыр жол ачылган. Абал туруктуу. Бирок кооптуу деп айтса болот», — дейт Эркин Жолчуев.

Кечээ 3-июлда аксайлык ишкерди газ куюучу жайынан тажикстандык жаран сабап качып кеткен. Соккудан башы жарылган Аксайдын тургуну Абдыжапар Жанжигитов Баткен облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми Бакай айылындагы тажиядан келаткан кыргыз жаранынын унаасынын терезелерин талкалаган.

Мындан улам, Ак-Сай айылынын эли коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду буулган.

Окуяны жөнгө салуу үчүн Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Тажик тарап жапа чеккен Абдыжапар Жанжигитовдун дары-дармегин, талкаланган автоунааны жана башка чыгымдарды төлөп бермей болгон.

Copyright © 2017 Maral FM