Биз менен байланышыңыз

Чет элдик жаранды сабаган шектүү кармалды

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 545 | 0

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери «Айчүрөк» соода борборунун жанынан чет элдик жаранды сабап кеткен шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

2-июлда саат 17:30да 102 кызматына 1985-жылы  туулган Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138- беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бүгүн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну К.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармооочу жайына киргизилди.

Ал эми жабырлануучу Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү чукул арада табуу боюнча тапшырма берип, Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын ишин күчтөндүрүүнү тапшырган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM