Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтары уюштурган митингде резолюция кабыл алынды

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 514 | 0

Бүгүн, 3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митинги болуп өттү. Анда Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан азыркы саясатынын шайлоо алдындагы берген убадаларына дал келбеси, өлкөдө куру дымак билдирүүлөргө жамынган мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатканы, учурда Матраимовдордун, Жээнбековдордун кландык бийлиги орногону айтылды.

Митингдин соңунда төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

  1. Жээнбеков тез аранын ичинде мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдар укуктук талаага кайтарылсын;
  2. Өкмөт токтоосуз отставкага кетип, элдик өкмөт түзүлсүн;
  3. Президент жана өкмөт УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилигин токтоосуз алмаштырсын. Укук коргоо системасы түп тамырынан реформалансын;
  4. Камакта мыйзамсыз отурган азыркы режимдин саясий опоненттери бошотулсун. Бардык чуулгандуу иштерге адилеттүү тергөө камсыз кылынсын;
  5. Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жогорку мансаптуу чиновниктерди жана депутаттарды люстрациялоо жүргүзүлсүн. Мамлекеттик аппаратты кармоо боюнча чыгымдар кыскартылсын;
  6. Мамлекеттеги жетекчилик кызматтарга прогресивдүү ой жүгүрткөн кызматкерлер келсин. Эски элита кетсин, жаңы лидерлер келсин;
  7. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар 2 айлык мөөнөттө аткарылбаса, элдик штабга бүткүл өлкө боюнча Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кетишин талап кылган масссалык нааразычылык акцияларын өткөрүү тапшырылсын;

Тынчтык митингине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Анвар Артыков, Карамат Орозова, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, саясатчы Равшан Жээнбеков жана ошондой эле, Атамбаевдин 1000ге жакын тарапташтары катышты.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Ал ортодо 25-июнда Кой-Ташта Атамбаевдин тарапташтары элдик штаб түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM