Биз менен байланышыңыз

Кодуранова: Парламент мыйзамды бузду, Конституция артка иштебейт

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 417 | 0

Бүгүн Кыргызстанда мыйзам бузулду. Бийлик аны мойнуна албай жатат. Аны Жогорку Кеңеш өзү бузду. Себеби, адегенде эле Конституцияны бузду. Башмыйзамда «мыйзам артка иштебейт» деп жазылганына карабай, артка иштетип салышты. Мындай пикирин бүгүн, 3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында өтүп жаткан «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митингинде депутат Асель Кодуранова билдирди.

Ал ошондой эле, парламент өзүнүн жоопкерчилигин мойнуна ала турганын айтып, бүгүнкү күндө Атамбаевди эл душманы кылып салганын белгиледи.

Мындан сырткары, эл өкүлү  5 ай мурун КСДПны рейдерлик жол менен басып алып, экиге бөлүп салганын, андыктан, партия үчүн аягына чейин күрөшө турганын билдирди.

«Мен партияны бербейм. Мен 24 жылдан бери партиядамын. Мыйзам, бийлик биз тарапта», — деди Асел Кодуранова.

Copyright © 2017 Maral FM