Биз менен байланышыңыз

УКМК Атамбаевдин штабына бука алып келди деген маалымат жалган

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 616 | 0

«УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына бука алып келди» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетитинин маалымат кызматы билдирди.

Ал кабарларды УКМК куру кыял деп баалап, журналистерди жана маалымат каражаттарын текшерилбеген маалыматтардан алыс болууга чакырган.

Эске салсак, бүгүн, 3-июнда айрым маалымат булактары «Фейсбуктагы» «Бүгүнкү СДПК» баракчасына таянып, Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына УКМК бука алып келди деген маалымат тараткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM