Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын жаңы элчиси ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 370 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы жаңы элчиси Чарльз Гаррет мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департамент бөлүмү билдирди.

Чарльз Гаррет ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырып, учурдагы маселелерди жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Чыңгыз Айдарбеков өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча туруктуу диалогго кызыкдар экендигин баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы парламенттер аралык кызматташтыкты канааттануу менен баалады.

Элчи Чарльз Гаррет Кыргызстандагы демократиялык процесстерди жогору баалап, алардын алкагында өлкө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга, эркин жана укуктук коомчулукту, ошондой эле, тиешелүү демократиялык институттарды түзүүдө ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM