Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды сорттогон урналар орнотулду

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 891 | 0

Бишкекте таштанды сорттогон урналар орнотулду. Долбоор Биринчи май  районунда ишке ашты. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 6 сорттоочу урна орнотулган. Аларды «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жасашкан. Ар бир урна 12 миң сомдон турат.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү 500 бузулган, сынган урна алмаштырылыш керек. Бул долбоордун бир гана бөлүгү болуп саналат. Келечекте шаар тургундары тиричилик таштандыларын да сорттошмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM