Биз менен байланышыңыз

Аскарбеков: Муктаждык жаралса, жаңы стационарларды ачууга даярбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июл 2020 | 521 | 0

Бишкек шаарында ачылган стационарларда жөнөкөй жаран жана ишкерлердин колдоосу чоң болуп жатат. Алардан келген жардамдар керектүү жерге бөлүнүшүн камсыздоо максатында координацияланууда. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жардамды туура бөлүштүрүп, уюштуруу иштерин жасап жатабыз. Анткени СИЗдерди алып келгендер бирөөнүн колуна тапшырып, бирок аягын таппай калган сөздөр болууда. Ушундай нерселерге жол бербөө максатында, бизге байланышкандардын баарын багыттап жатабыз. Жарандар транспорт маселесинде олуттуу колдоо көрсөтүшүүдө. Жаш балдар өз унаасы менен дарыгерлерди ташып, кислород балондорду толтуруп келип берип жатышат. Ыктыярчылар стационарлардын тазалыгына жардам берүүдө», — дейт Аскарбеков.

Анын айтымында, стационар ачуунун белгиленген тартип бар. Андыктан каалаган жаран же ишкер ачып, иштетип кете албайт. Стационар медициналык талаптарга жооп бере албаса, тескерисинче вирустун очогуна айланып калышы мүмкүн.

Муктаждык жаралса, жаңы стационарлар ачылат.

Учурда стационарларда келген элдин баарын кабыл алганга мүмкүнчүлүк бар. Алсак, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулган стационарда күн сайын 1 миндей жаран кайрылууда. Стационарларда медициналык жардам эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин көрсөтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM