Биз менен байланышыңыз

Аскарбеков: Биокоопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июл 2020 | 570 | 0

Кыргызстанда биокоопсуздук жөнүндө конкреттүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушундай апаатта ар бир кызматкер, дарыгер, ыктыярчынын милдеттери мыйзам чегинде такталып, жазылышы зарыл.

Ошол эле учурда, каржылай колдоо көрсөткөндөр үчүн да атайын инструкция болушу шарт. Алсак, топтолгон акчалар, алардын пайдаланылышы боюнча отчёттор так көрсөтүлүшү кажет. Мыйзамда жоопкерчилик маселеси да көрсөтүлүшү абзел.

«Алсак, шалаакылык, ишин таштап кетүү, милдетин так аткарбоо, убагында чечкиндүү чараларды көрбөө ж.б түшүнүктөр киргизилип, оор кырдаалда өлүмгө жеткирген адамдардын жоопкерчилиги так кесе көрсөтүлүшү керек. Ошондо гана баарыбыз бир иштегенге талап коюлат. Тилекке каршы, ушундай оор кырдаалда жумуштан четтеп, өз өмүрүн сактап калуу аракетин көрүп… Ошондуктан он жыл мурда сунуштаган мыйзам бүгүн да актуалдуу. Андай мыйзамды кабыл алуу үчүн деңгээл, билим, түшүнүк керек. Анткени бир жерден көчүрүп алып келе турган мыйзам эмес», — дейт Мавлянов.

Ал биокоопсуздук боюнча мыйзам иштеп чыгууну 2012-жылы да сунуштаганын, бирок колдоо таппаганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM