Биз менен байланышыңыз

Мал чарбачылыгын жаңы стандарттын негизинде өнүктүрүү боюнча семинар өттү

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 459 | 0

Ноокат райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы «Ош облусун биргелешип өнүктүрүү» аттуу Орусия Өкмөтү менен Кыргыз Өкмөтүнүн биргелешкен долбоорунун алкагында мал чарбачылыгын жаңы стандарттын негизинде өнүктүрүү, тоют бирдигин туура пайдалануу боюнча окуу-кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуу-кеңешмеге атайын чакыруу менен келген Орусия Илимдер Академиясынын мүчөсү, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер Анатолий Харламов дарс окуп, чеберчилик сабактарын өткөрдү. 

Программанын экинчи бөлүгүндө «Чарводар» асыл тукум фермер чарбасында семинар уюштурулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM