Биз менен байланышыңыз

Баткенде «Издөө» операциясында 6 кылмыш ачылды

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 473 | 0

Баткен облусунда «Издөө» аталышындагы 1 күндүк операция жүргүзүлүп, 6 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Операциянын жүрүшүндө 2 уурулук, 4 алдамчылык фактылары ачылган. Ошондой эле, издөөдө жүргөн 2 атуулдун жүргөн жерлери аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Кадамжай районунан издөөдө жүргөн 1 жаран райондук милиция тарабынан Өзгөн районунун Кара-Шоро жайлоосундагы көмүр казуучу жайлардын биринен кармалып алынып келинди.

Операцияга 400дөй милиция кызматкери тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM