Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Кайрадан жогорку кызматка баруу ниетим жок

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 420 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев айланасында жүрүп жаткан талкуулар боюнча билдирүү жасап, кайрадан жогорку кызматка баруу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева маалымат таратты.

Атамбаев өз билдирүүсүндө, Кыргызстан бүгүнкү күндө экономика жана мамлекеттик башкаруу жаңыча мамилени талап кылып жатканын, Сооронбай Жээнбеков бир нерсе кылып жаткандай экенин, бирок ал болбой жатканын жана өлкөнү көтөрүү үчүн башкача ой жүгүртүү керек экенин билдирген.

Мындан сырткары, ал өзүнүн милдети катары жаңы келген лидерге өзүн табууга жардам берүү экендигин айтып, саясатка жаштардын көбүрөөк келишин каалай турганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM