Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн дарыясына агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 454 | 0

Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы Б. С.нын сөөгү туугандары тарабынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш боюнча 112 кызматына 29-июнда маалымат келип түшкөн. Ал күнү издөө иштерине 15 куткаруучу тартылса, 30-июнда 100дөн ашык жергиликтүү тургун кошулган. Бүгүн, 1-июлда жалпы 53 куткаруучу тартылган.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү туугандары тарабынан саат 13:40тар чамасында сууга түшүп кеткен жерден эки чакырым алыстыктан табылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM