Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы Б. С.нын сөөгү туугандары тарабынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш боюнча 112 кызматына 29-июнда маалымат келип түшкөн. Ал күнү издөө иштерине 15 куткаруучу тартылса, 30-июнда 100дөн ашык жергиликтүү тургун кошулган. Бүгүн, 1-июлда жалпы 53 куткаруучу тартылган.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү туугандары тарабынан саат 13:40тар чамасында сууга түшүп кеткен жерден эки чакырым алыстыктан табылган.