Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Куткаруучулар күнү белгиленди (фото)

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 841 | 0

Бүгүн Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 28 жылдыгына жана Куткаруучулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага министр Нуболот Мирзахмедов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Жусупов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, өздүк курамы, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанатты министр Мирзахмедов ачып, куткаруучуларды куттуктады.

Куттуктоо бөлүгүнөн кийин ӨКМдин алдыңкы кызматкерлерине төш белгилер, «Ардак грамоталар» жана майрамды утурлай өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор, сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү орун алды.

Салтанат чакан концерттик программа менен коштолду.

Copyright © 2017 Maral FM