Биз менен байланышыңыз

Президент куткаруучуларды куттуктады

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 579 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу экенин белгиледи.

«Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун, куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат. Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер. Кырсыктын чеңгелинен куткарылган ар бир адам өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз», — деди президент.

Мындан тышкары, мамлекеттин алдында куткаруучулардын сапаттуу жана заманбап техникалар менен камсыз болушуна камкордук көрүү, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесипкөй жаш куткаруучуларды даярдоо милдети турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM