Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө эл аралык айтыш уланат

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 749 | 0

Ысык Көл облусунун 80 жылдыгына, Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыш бүгүн уланат. Бул тууралуу төкмө акын Баян Акматов билдирди.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында өтүп жаткан жарышта кечээ 8 акын тандалып алынган.

Бүгүн алар Кытайдын Кызыл-Суу автономиялуу облусунан жана Казакстандан келген төкмө акындар менен болгон финалдык айтышка катышат.

Copyright © 2017 Maral FM