Биз менен байланышыңыз

30-31-августта XIV Эл аралык айтыш өтөт

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 430 | 0

Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына, «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV Эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Казак-кыргыз акындары катышкан айтышка кыргыз акындарын тандап алуу туру 20-августта «Манас» кинотеатрында саат 10:00дө башталат. Ал эми чоң айтыш 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө болот.

«Айтыш» коомдук фонду уюштурган эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM