Биз менен байланышыңыз

Ак илбирс”-2019 Улуттук киносыйлыгына кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 627 | 0

Жыл сайын өтүүчү “Ак илбирс”-2019  Улуттук киносыйлыгына катышуу үчун арыздарды кабыл алуу башталды. Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгы бул- жыл ичиндеги эң мыкты кинемотография адисин жана ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.  Улуттук «Ак илбирс» киносыйлыгы 2012-жылы белгилүү кинематографтар тарабынан белгиленип, Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелинет.  Аталган киносыйлык Кыргызстан кинематографтар союзу жана  «Айтыш»  коомдук  фондунун колдоосу менен өткөрүлмөкчү.

Сыйлыктар 18 категория боюнча ыйгарылмакчы.

  1. «Мыкты кино».
  2. «Мыкты режиссер».
  3. «Мыкты сценарий».
  4. «Мыкты оператор».
  5. «Мыкты сүрөтчү (художник)».
  6. «Мыкты композитор».
  7. «Мыкты үн режиссеру».
  8. «Мыкты монтаж»
  9. «Мыкты эркек ролу».
  10. «Мыкты аял ролу».
  11. «Мыкты даректүү тасма»
  12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»
  13. «Мыкты көрөрмандардык тасма».
  14. «Улуттук кинемотографияга зор салымы үчүн».
  15. «Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн»
  16. « Орто Азиядагы мыкты тасма»
  17. «Орто Азиядагы мыкты актёр»
  18. «Орто Азиядагы мыкты актриса»

«Ак Илбирс» 2019 киносыйлыгына 2018-жылы өндүрүлгөн баардык жанрдагы тасмалар катыша алат.

Арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын 1- мартына чейин жүрөт.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасы 26- апрелде саат 17:00 дө «Манас» кинотеатрында өткөрүлмөкчү.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM