Биз менен байланышыңыз

XIII Эл аралык «Айтыш-2019» жыйынтыкталды

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 1331 | 0

Төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлгөн XIII Эл аралык Айтыш-2019 жыйынтыкталды.

Баш байгени Жеңишбек Жумакадыр менен Айнур Турсунбаевалар алышты.

1-орунду Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаков.
2-орунду Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов.
3-орунду Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаштар алышты.

-Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлыкты -Мухтар Ниязов;
-Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлыкты-Балгынбек Имаш;
-Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкты- Азамат Болгонбаев;
-Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкты- Эламан Келдибековдор алышты.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-август күндөрү өттү. Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын айтышына жалпы 16 төкмө катышты.

Кыргызстандын атынан Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиевдер катышса, ал эми Казакстандан Айнур Турсунбаева, Алтынбек Ибрагимов, Балгынбек Имаш, Биржан Байту, Жандарбек Булгаков, Мухтар Ниязов, Сырым Ауезхан,Нурлан Эсенкуловдор катышмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM