Биз менен байланышыңыз

XIV Эл аралык айтышка Кыргызстандан 8 акын катышат

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 879 | 0

Казак-кыргыз акындары катышкан айтышка кыргыз акындарын тандап алуу туру кечээ, 20-августта «Манас» кинотеатрында болуп өттү. Жалпы 44 акын катышып жогорку упай алган 8 акын тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Алар:

  • Амантай Кутманалиев 70 упай,
  • Баян Акматов 70 упай,
  • Акматбек Султан уулу 70 упай,
  • Асылбек Маратов 70 упай,
  • Жылдызбек Төрөканов 70 упай,
  • Турат Жумаев 69 упай,
  • Кубат Тукешов 69 упай,
  • Мундузбек Борончуев 69 упай.

Эми бул акындар 30-31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына, «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV Эл аралык айтышына катышат.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө болот.

«Айтыш» коомдук фонду уюштурган эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM