Биз менен байланышыңыз

Бүгүн республикалык айтыш өтөт

Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 1311 | 0

Бүгүн, 28-мартта Бишкекте республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов «Маралга» билдирди.

«Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткан айтыштын байге фонду бир миллион сом деп белгиленди.

Айтыштын тандоо туру 27-мартта КТРКнын концерттик залында өттү. Ал эми тандалып алынган акындардын чоң айтышы бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 17:00дө өткөрүлөт. Билет баасы — 500 сом.

Кошумчалай кетсек, «Айтыш» коомдук фондун төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүү жана акындардын башын бириктирүү максатында 2001-жылы саясатчы, маданият ишмери Садык Шер-Нияз түптөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM