Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнүнө карата төкмө акындардын эл аралык айтышы болот

Кыска кабар | 25 Авг 2019 | 919 | 0

30-31-август күндөрү төкмө акындардын Эл аралык айтышы болот. Айтыш төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын айтышына жалпы 16 төкмө катышат.

Кыргызстандын атынан Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиевдер катышса, ал эми Казакстандан Айнур Турсунбаева, Алтынбек Ибрагимов, Балгынбек Имаш, Биржан Байту, Жандарбек Булгаков, Мухтар Ниязов, Сырым Ауезхан,Нурлан Эсенкуловдор катышмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM