Биз менен байланышыңыз

Бүгүн улуттук филармонияда XIV Эл аралык айтыш өтөт

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 411 | 0

Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына, «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV Эл аралык айтыш башталат. Ошондой эле айтыш эртең, 31-августта да уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

XIV Эл аралык айтышка Кыргызстандан 8 акын катышат.

«Айтыш» коомдук фонду уюштурган эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM