Биз менен байланышыңыз

Жүрсүн Ерман кыргыздардан кечирим сурады

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 3796 | 1

Казакстандагы айтыштардын алып баруучусу жана бир нече жолку уюштуруучусу Жүрсүн Ерман кыргыздардан кечирим сурады. Бул тууралуу Казакстандын «Жас Алаш» гезитинин сайтына чыккан макалага жазган комментарийи аркылуу билдирди.

Жүрсүн Ерман өзүнүн комментарийинде: «Жолдо жүрүп байкабай калыпмын, кыргыз агайын мени күнөөлөп, аларга бөрк ал десе, баш алган өзүбүздүн желөпкөлөр да кошулуп, мени бир топ жерге алпарып таштаган экен. Мен кыргыздарды мазактап, эки элдин ортосуна жик салган экемин го?» — деп келип, окуя тууралуу өзүнүн пикирин жазган.

Ал Сакен Сайфуллиндин 125 жылдыгына карата Караганды облусунда өткөн айтышка кыргыз тараптан жалгыз төкмө келгенин, ал биринчи айлампада эле кулап калып, «Конок экен, кой кайра коштуралы», — деп кийинки айлампаларга өткөргөнүн, бирок кийинки айлампада да мурунку көрүнүш кайталанганын айткан. Муну менен катар, ирээнжип калбай кетсин деген таризде 300 миң теңге сыйлык караттырып бергенин маалымдап, «Кыргыз үчүн аз акча эмес», — деп айтканын мойнуна алып, «Эгер кыргыз элин кордогон, кемсинткен болсом кечирим сурайын», — деген.

Буларды бир баштан баяндап, «Бирок, ырдын, поэзиянын астында ким кечирим сурашы керек? Казак айтышындагы ырлардын деңгээли көкөлөп кеткени үчүн айыптуу бололубу? Тууганыбыздын шагы сынбасын деп, бекер байге бергенибиз үчүн жазыктуубузбу? Болбосо, калыстар курамында отургандар кыргыз акынына кыянаттык кылды деп ойлойсуңарбы?» — деген доо койгон.

Белгилей кетсек, 18-19-сентябрда Казакстандын Караганды облусунда эл аралык айтыш өтүп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эл ичине «Автомат» деген ылакап аты менен белгилүү болгон төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр да катышкан. Тилекке каршы, финалга чейин чыгарып, бирок байге бербей койгону тууралуу төкмө акын өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айтыштын алып баруучусу Жүрсүн Ерманды эки эл бирдей күнөөлөп чыгышкан.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, «Айтыш» коомдук фондунун түптөөчүсү Садык Шер-Нияз да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, анда Жүрсүн Ерманга карата бир топ ачуу сөздөрдү айтып, анын бул кылыгы буга чейин да болуп келгенин билдирип, кыргыз акындарын Жүрсүн Ерман уюштурган айтыштарга катышпоого үндөгөн. Мындан улам, кыргыз тарап ар бир эл аралык айтышта салтка айланган кош байгени жоюп салуу боюнча сунуш беришкен.

Мурдатан маалым болгондой, Жүрсүн Ермандын бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин төкмө акын Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр катышкан эл аралык айтышта да Аалы Туткучевди сахнага кордоп чакырганын, дагы бир төкмө акын Азамат Болгонбаевге да 1000 доллар байге берип жатып, «Бул кыргыздар үчүн чоң акча», — дегенин айтып жүрүшөт. Ал тургай, бул боюнча бир катар басылмаларга маек да беришкен.

1 пикир

1 пикир

  1. ,,,

    25.09.2019 20:35

    Бу кишинин Абай.кз сайтында бир маегинде «кыргызда айтыш жок акындары жон эле бирнерсе» дегени бар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM