Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарында эл аралык айтыш өтөт

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 1781 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда жана 1-июлунда Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата «Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың» аттуу эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, эл аралык айтыштын 1-туру Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында саат 13:00дө башталат. Ал эми финалга чыккан акындардын айтышы 1-июль күнү саат 17:00дө Каракол шаарынын борбордук аянтында өтөт. Айтышка Кыргызстандын акындарынан тышкары, Казакстандан жана Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу обулусунан келген акындардын да катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду — 500 миң сом.

Мындан тышкары, 1-июль күнү этнофестиваль да орун алат. Ага ырчылар Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Ильяз Андаш, бийчи Атай Өмүрзаков өңдүү бир катар таланттар конок катары чакырылган.

Маданий иш-чара Ысык-Көл обулусунун администрациясы жана Каракол шаардык мэриясы тарабынан каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM