Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Каракол шаарында эл аралык айтыш өтүп жатат

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 1167 | 0

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында акындардын айтышы өтүп жатат. Бул тууралуу төкмө акын Баян Акматов Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык Көл облусунун 80 жылдыгына, Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыш Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында өтүп жатат. Ага өлкө аймагынан барган төкмө акындар катышууда. Алардын арасынан 8 акын тандалып алынып, эртең Кытайдын Кызыл-Суу автономиялуу облусунан жана Казакстандан келген төкмө акындар менен болгон финалдык айтышка катышат.

Бул тууралуу кеңири толукталган маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM