Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 471 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда юристтик кесиптин жоопкерчиликтүү миссия экендигин айтып, андан ар бир адамдын күнүмдүк жашоосу жана жалпы коомдун туруктуулугу көз каранды экендигин белгилеп, ийгиликтерди каалаган.

«Жашоо бүгүн юристтерден жогорку аналитикалык ой жүгүртүүнү жана репутацияны, карапайым адамдардын өтүнүчтөрүнө жана мүдөөлөрүнө туура жана өз убагында жооп кайтарууну талап кылат,» — дейт өкмөт башчы өз куттуктоосунда.

Эске салсак, Кыргызстанда юристтердин күнү 1993-жылдын 24- июнундагы Өкмөттүн № 272 токтомунун негизинде белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM