Биз менен байланышыңыз

Чек арадан унаа айнектерин жашырып өтүү фактысы катталды

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 410 | 0

Салык кызматы казак-кыргыз чек арасынан унаа айнегин мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаранды аныктады.

Мекеменин маалымат бөлүмү билдиргендей, окуя кечээ катталган.

Салыкчылар чек арадагы «Чоң-Капка автожолу» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан үй буюмдары катары автоунаанын 200дөй маңдайкы айнектерин ташып келгендигин аныкташкан.

Айдоочу Россиядан жеке үй буюмдарын гана алып келе жатканын билдирген, бирок текшерүү учурунда маңдайкы айнектер табылган. Ошондой эле, ташуучунун товарды алып келүүгө уруксат берүүчү: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы сыяктуу документтери жок болгон.

Укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мобилдик тобуна өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM