Биз менен байланышыңыз

Баткенде ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз кирген товарлар кармалды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 426 | 0

Баткен бажысынын кызматкерлери Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына мыйзамсыз ташылып келинген күнүмдүк керектелүүчү товарларды колго түшүрдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мындай көрүнүш ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында ачыкталды.

Баткен бажычылары Кыргызстандын жараны С.Т. айдап келаткан «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү транспорт каражатын текшерген учурда коңшу өлкөдөн коштоочу документи жок ташылып келе жаткан жалпы салмагы 885 килограммдык күнүмдүк керектелүүчү товарларды табышкан. Товардын жалпы наркы 764 310 сомду түзгөн.

Бул факт КЖКнын 223-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материал Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM