Биз менен байланышыңыз

Баткендеги өзгөчө макамга ээ болгон айылдар кайсылар? (тизме)

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 1953 | 1

Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмесин Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев  өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Аталган тизмедеги өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактары Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Баткен облусундагы өзгөчө статустын алкагында жеңилдиктерди ала турган 62 айылдын тизмеси:

Лейлек району
  • Жаңы-Жер айылдык аймагы: Центральное (Борбордук) айылы Жаштык участогу менен, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;
  • Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;
  • Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;
  • Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;
  • Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.
Баткен району
  • Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;
  • Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;
  • Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;
  • Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;
  • Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;
  • Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;
  • Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Орто-Боз айылы (Көк-Терек) Мазеиттин жери участогу менен.

Кадамжай району

  • Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
  • Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
  • Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
  • Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
  • Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
  • Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
  • Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.

1 пикир

1 пикир

  1. Зико турдумаматович

    27.01.2022 05:02

    Баккен обласы болуп жарбай эле баардыгын киргизип койсо болбойбу бул кандай чечим 62 Айылды кылганы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM