Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор: Азиз Батукаевди бошотууга экс-президент Алмазбек Атамбаев кийлигишкен

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 712 | 1

Мурдагы вице премьер министр Шамиль Атаханов «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратууга байланышкан токтомдун бүтүмүн окуп жатып билдирди.

Анын айтымында, көрсөтмө боюнча Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен Батукаев мыйзамсыз, мөөнөтүнөн эрте абактан бошотулган.

Анын аракетинде Кылмыш Кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча мыйзам бузуулар байкалат.

«Сөзүм куру болбошу үчүн айтып коёюн, менин колумда Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү бар», — деди Жамшитов.

Copyright © 2017 Maral FM